Токтобүбү Ашымбаева: Мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө теңсиздик бар
Жогоорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлүшүндө теңсиздик болуп жатканын айтты.
Ашымбаеванын айтымына карганда, 2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндө, предметтик коеффиценттер бирдей болбой калган. Мындан улам маяналарда айырмачылыктар жаралган. Мугалимдердин тынчсыздануусунун себеби коеффиценттер теңдештирилбесе, айлыктагы айырмачылыктар мындан дагы көп болот”, - деди депутат.
Эске салсак, буга чейин быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлө тургандыгы расмий түрдө кабарланган.