Жайыл районунда “Кайырма” суу каналы оңдолууда

Жайыл районунда “Кайырма” суу каналы оңдолууда

Жайыл районунун Талды-Булак айыл аймагында жайгашкан "Кайырма" суу каналына бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каалдын жалпы узундугу 10 123 метрди түзүп, анын 2500 метрине бетон төшөлүүдө. Ал 13 610 квадрат метрди түзөт. Мерчемделген иштер Жайыл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерине мамлекеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча 35386, 0 миң сом бөлүнгөн.

Бетон төшөө иштери аяктаса, 2154 гектар жер аянтына сугат суусун берүү жакшыртылат.

Аталган канал 1966-жылы ишке берилген. Анын сыйымдуулугун буга чейин секудасына 3 куб болсо, оңдо иштери аяктаганда суунун өтүмдүүлүгү жакшыртылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарындагы ипотекалык үйлөр эмдиги жылы пайдаланууга берилет

Кант шаарындагы ипотекалык үйлөр эмдиги жылы пайдаланууга берилет

Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай 2027-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев курулушту көрүп жатканда маалымдады.  Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды. Долбоор үчүн Кант шаарынын

Адылбек Касымалиев:  Кыргызстандын экономикасы 9-10% өстү

Адылбек Касымалиев:  Кыргызстандын экономикасы 9-10% өстү

Экономиканын өсүү темпи боюнча Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн бири болду. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев журналисттерге берген маегинде билдирди. Минкаб төрагасы өз сөзүндө, Кыргызстандын экономикасы жылда 9-10 % өсүп жатканын белгиледи. А.Касымалиев 2024-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи боюнча дүйнөдө 3-орунга чыккандыгын кошумчалады. Эске салсак, расмий бийлик тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын экономикасы өсүп, ИДП

Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз берген мурдагы жетекчилер кармалды

Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз берген мурдагы жетекчилер кармалды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери кызматтык

Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайынын курулушу жүрүүдө

Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайынын курулушу жүрүүдө

Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайынын курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Башкы план боюнча спорт сарайынын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн