Муздак суунун баасынын кымбатташынын себептери айтылды

Муздак суунун баасынын кымбатташынын себептери айтылды

Антимонополия кызматы менен макулдашылган жаңы тарифтерге ылайык Бишкек шаарында муздак суунун 1 кубометри - 15,73 сом (азыр 10,45 сом), ал эми канализация - 6,80 сом (азыр 3,45 сом) болушу күтүлөт. “Бишкек суу каналы” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Канимет уулу Алибек Биринчи радиого берген маегинде тарифти жогорулатууга бир катар факторлор себеп болуп жаткандыгын билдирди. 

Анын айтымында, башкы максат - инженердик инфраструктураны жаңылоо жана тармакты туруктуу каржылоо үчүн шарт түзүү. Адис белгилегендей, сууга болгон керектөөнүн көбөйүшү жалаң гана турмуштук муктаждыктар менен эмес, аны сарамжалсыз пайдалануу менен да байланыштуу. Мисалы шаарда сууну керектөө айрыкча жаз-жай мезгилинде кескин көбөйүп, аны керектөө кышкы мезгилге салыштырмалуу 25%га жогорулайт.
“Бүгүнкү күндө борбор калаа негизинен жер алдындагы эки ири суу бассейнинен камсыздалат. “Бишкек суу каналы” 332 миң абонент менен келишим түзгөн. Шаардын суткалык орточо керектөөсү 500 миң куб метрге жакын болсо, ысык маала бул көрсөткүч 600 миң куб метрден ашат” - дейт Канимет уулу Алибек.

Адистин билдирүүсүнө караганда, тарифтерди жогорулатууга электр энергиясынын кымбатташы да таасир этүүдө. Ошондой эле суу жана канализация тутүктөрү өткөн кылымдын 1950-1960-жылдары курулгандыктан, эскилиги жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media