Чүйдөгү эски оорукана имараты авариялык абалда экени аныкталды

Чүйдөгү эски оорукана имараты авариялык абалда экени аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Чүй облусунун Чүй районундагы Сансызбаев көчөсү 105 дарегинде жайгашкан Жалпы дарыгердик практика борборунун имаратына инженердик текшерүү жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү 1998-жылдан бери пайдаланылбай турган имараттын техникалык абалын жана сейсмикалык туруштуулугун аныктоо максатында уюштурулган.

Адистер объекттин техникалык документтерин изилдеп чыгып, тиешелүү өлчөөлөрдү жана визуалдык талдоо иштерин жүргүзүштү.

Жыйынтыгында институт тарабынан даярдалган корутундуга ылайык, имараттын бетон плиталары менен дубалдары жараксыз абалда экени аныкталды. Мындан тышкары, пайдубалдын чөгүүсү байкалган.

Ошондой эле имараттын сейсмикалык жана техникалык абалы канааттандырарлык эмес деп бааланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты