Кыргызстанда жазгы-талаа иштеринин 48,7%ы аткарылды

Кыргызстанда жазгы-талаа иштеринин 48,7%ы аткарылды

Быйыл республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Анын 818,6 миң гектары сугат, 432 миң гектары кайрак жерлерге туура келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда республика боюнча 609,1 миң гектар жер айдалып, пландын 48,7% аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп.

Чүй облусунда 204,7 миң гектар жер айдалып, план 45,3% аткарылды. Баткен облусунда көрсөткүч 96,4% жетсе, Ош облусунда 55,3%, Жалал-Абад облусунда 34,8% болду.

Жаздык дан өсүмдүктөрү 408,6 миң гектарга себилип, план 78,7% аткарылды. Анын ичинде буудай 90,7%, арпа 87,4% камсыздалды.

Жүгөрү 92 миң гектарга себилип, план 82,7% аткарылды. Картошка 48,7 миң гектарга отургузулуп, көрсөткүч 73,2% түздү.

Пахта себүү Жалал-Абад облусунда толук аяктап, 3 миң гектар жерге себилди. Кант кызылчасы 10,9 миң гектарга себилип, план 74,9% аткарылды.

Жалпысынан жазгы-талаа иштери бардык аймактарда графикке ылайык уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн