Эрлист Акунбеков: Ысык-Көлдүн деңгээли 47 см чейин түштү

Эрлист Акунбеков: Ысык-Көлдүн деңгээли 47 см чейин түштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 21-майда журналисттерге кабарлады. Бул маселени чечүү үчүн долбоорлор даярдалып жатканын белгиледи.

“Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизиш керек. Ошондо Ысык-Көлгө куюп жаткан 60тан ашык дарыянын суусу көлгө толук кирет. Андан тышкары эс алуу жайларынан, автоунаа жуучу жайлардан чыккан сууну кайра иштете турган долбоор иштеп жатабыз”, – деди ал.

Ысык-Көл – дүйнөдөгү эң чоң 30 көлдүн бири. Жердеги эң терең көлдөрдүн тизмесинде жетинчи орунда. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте турат. Көлдүн аянты 6124 чарчы чакырым. Узундугу 182, туурасы 60 чакырым.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылууда

Кыргызстан КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылууда

Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө быйыл ассамблеяга Кыргыз Республикасы төрагалык кылып жатканы белгиленип, Координаторлук кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун талапкерлиги сунушталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Табылды Муратбеков КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын Координатору болуп шайланды. Андан соң ал Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик

Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт

Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт

Кыргызстандын шаарларынын ортосунда жүрүү үчүн Яндекс Go супераппында эми "Шаар аралык" сервиси пайда болду.  Колдонуучулар жол жүрүү үчүн алдын ала орун алып – жалгыз же жолоочу менен чогуу бара турган сунушту тандай алат. Алгач ишке кире турган маршруттар – Бишкектен Балыкчыга, Чолпон-Атага, Караколго, Токмокко жана Кара-Балтага; Оштон Манаска; Тамчыдан Караколго

Экономика министри жана KOICAнын вице-президенти менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Экономика министри жана KOICAнын вице-президенти менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

20-майында Сеул шаарында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Хонг Сок Хва мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ааталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагыкызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Алардын катарында санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана

Ош шаарындагы “Жекелик” каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарындагы “Жекелик” каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырма бергенден кийин, “Манас-Ата” аймактык башкармалыгынын аймагы аркылуу өткөн “Жекелик” каналынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштардан жана тосмолордон бошотуу иштери жүрүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, аталган иштер каналдын корук аймагын ачуу, жээктерди иретке келтирүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Эске салсак, буга чейин да