Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында аткарылууда.

Буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер казуу иштери бекитилген долбоордук чечимдерден четтөө менен жүргүзүлгөнү аныкталган. Натыйжада, жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучу жаралган.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу жооптуу тарапка карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле курулуш иштери объект белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин токтотулган.

Объекттеги иштердин аткарылышы жана аныкталган кемчиликтердин жоюлушу Департаменттин Бишкек шаардык башкармалыгынын көзөмөлүндө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды