Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды.
Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура дарыясы ылайланып, таза суу тартыштыгы жаралуусун чечүүгө багытталган.
Долбоордун алкагында Данги тилкесинде жаңы суу алуучу курулма курулуп, Төлөйкөндөгү дамбага чейин диаметри 1000 мм болгон 4,8 чакырымдык эки түтүк тартылды.
Учурда 1-линия толук бүтүп, пайдаланууга берилди. Алдыда 2-линияны куруу пландалууда.