Каракол шаардык “Тазалык” ишканасына унаалар тапшырылды

Каракол шаардык “Тазалык” ишканасына унаалар тапшырылды

Каракол шаарында коммуналдык тармакты өнүктүрүү жана шаар тазалыгын камсыздоо багытындагы иштер уланууда. Каракол шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасына төрт жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, мекеменин техникалык мүмкүнчүлүгү бекемделди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы автоунаалардын ачкычын Каракол шаарынын мэринин орун басары Нурлан Момбеков тапшырып, ишкананын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Ал өз сөзүндө шаар тазалыгы – шаар маданиятынын күзгүсү экенин белгилеп, күн-түн дебей эмгектенип жаткан кызматкерлердин иши өтө жоопкерчиликтүү жана маанилүү экенин айтты. 

Белгилей кетсек, аталган автоунаалар “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо жана коммуналдык кызматтарды заман талабына ылайык жүргүзүү максатында лизинг аркылуу алынды. Жаңы техникалар шаардын көчөлөрүн тазалоо, коммуналдык иштерди уюштуруу жана күнүмдүк кызматтык тапшырмаларды аткарууда пайдаланылат.

Шаар жетекчилиги мындан ары дагы коммуналдык кызматтардын ишин колдоо, кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана Каракол шаарынын тазалыгын, көрктүүлүгүн камсыздоо багытындагы иштерди уланта берерин билдирди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media