Ноокат районунда 164 млн сомго мектеп курулууда

Ноокат районунда 164 млн сомго мектеп курулууда

Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Анда окуу класстары, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот. Учурда имараттын ички курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда. 

Курулуштун сапаты жана аткарылган иштин ар бир этабы Курулуш минстрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан текшерилүүдө. 

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөт менен 500дөн ашык окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил