Күйүүчү майдын өсүшүнө байланыштуу жыйын өттү

Күйүүчү майдын өсүшүнө байланыштуу жыйын өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо маселелери боюнча кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, талкууга өлкөгө күйүүчү май жеткирүү жана сатуу секторунда негизги позицияларды ээлеген бардык ири компания-нефтетрейдерлердин жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы мунай заттарына болгон баалардын өсүшүнө байланыштуу учурдагы кырдаал Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдын курчушунун түздөн-түз натыйжасы болуп саналат деп белгиледи. 

Бул фактор бүткүл дүйнө жүзү боюнча сатып алуу бааларынын өсүшүнө алып келди. Ал Министрлер Кабинети азырынча өлкөнүн май куюучу станцияларында баалардын кескин өсүшүнө жол бербөөгө жетишип жатканын кошумчалады. Бул күйүүчү майдын ички запастарынын болушунун аркасында мүмкүн болду, анын болушу тышкы таасирди жоюуга жана КММ бааларынын акырындык менен өсүшүн камсыздоого мүмкүндүк берет. 

Күйүүчү май компанияларынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде дүйнөлүк рыноктордо туруксуздук улана берген учурда колдонула турган кошумча каржылык жана салыктык инструменттер дыкат иштелип чыкты. Атап айтканда, Министрлер Кабинети мамлекеттик түз субсидиялоо маселесин караштырууда. Адылбек Касымалиев мамлекеттин жана бизнестин консолидацияланган позициясынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал нефтетрейдерлер жогорку социалдык жоопкерчиликти көрсөтүшү керектигин баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, Монополияга каршы кызматка өлкөнүн бардык мунай базаларында баалардын түзүлүшүнө жана запастардын көлөмүнө күнүмдүк мониторинг жүргүзүү режимине өтүү тапшырылды, ал эми Энергетика министрлигине өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында үзгүлтүксүз 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media