Ноокатта 83 млн сомго бала бакча курулууда

Ноокатта 83 млн сомго бала бакча курулууда

Ноокат районунун Додон айылында жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш мнистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Долбоордун жалпы наркы 83 миллион сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Башкы планга ылайык имараттын жалпы аянты 625 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда тарбиялык саат өтүүчү, уктоочу жана ойноочу бөлмөлөр каралган. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампа жана ашкана болот. Мындан тышкары, бала бакчанын айланасына оюн аянтчасы жана эс алуу зонасы курулат.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, сапаты жана аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media