Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
УКМК Ош шаардык төрөт үйүндө коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, төрөт үйүнүн кызматкерлери бейтаптардын маселелерин чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча алып келген фактылар аныкталган.
20-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында төрөт үйүнүн жетекчиси К.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө учурунда акчалай сый акы алуу боюнча бир нече учур катталганы белгиленди.
Учурда бул иш боюнча тергөө аракеттери уланууда.