Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кызыл-Кыя” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 22-майында фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү. 

Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан Республикасынан ташылып келинген жалпы салмагы 24,7 тонна пияз текшерүүгө алынып, анын таңгактарында маркировканын жок экендиги аныкталды.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык, аталган жүк кайра артка кайтарылды.

Министрлик тарабынан фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана импорттук продукцияга болгон көзөмөлдү күчөтүү иштери туруктуу негизде улантылууда.

 

Мындан тышкары окуңуз

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media