Президент жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 29-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам президенттин “Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Мамлекеттик жөлөк пулдардын жаңы түрүн – балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөк пулду (мындан ары – “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулу) караган өзгөртүүлөр киргизилген. 

Жарандар (үй-бүлөлөр) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөк пулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөк пулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун алууга укуктуу.

Мыйзамда “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат деп белгиленген.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media