Бишкектеги май куюучу жайлар шаар сыртына чыгарылышы мүмкүн
Бишкекте май куюучу жайлар шаардын сыртына чыгарылып, ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Маселе Октябрь районунун жашоочулары менен жолугушууда көтөрүлгөн. Көк-Жар конушунун тургуну бир көчөдө беш, ал эми бир чакырым радиуста сегиз май куюучу жай жайгашканын айтып, элдин ден соолугуна терс таасир этип жатканына токтолду.
“Мэрия май куюучу жайларды шаар сыртына чыгаруу жаатында иштеп жатат. Алардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотмолорун курууну талап кылуудабыз”, - деди калаа башчысы.
А.Жунушалиев тиешелүү кызматтарга текшерүүнү тапшырып, калаанын айрым аймактарында жаңы май куюучу жайларды курууга мораторий киргизилгенин маалымдады. Ошондой эле муниципалдык жерлерде жайгашкан май куюучу жайлардын ижара мөөнөтү узартылбай турганын билдирди.