Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

28-майда саат 09:00дөн 23:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүү аймагы: Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү.

Ичүүчү суу Д-225 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга мүмкүн болот.

Мындан тышкары окуңуз

Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат

Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу боюнча жаңы токтом кабыл алды. Жаңы чечимге ылайык, 25-майдан 30-сентябрга чейин мамлекет бензин, дизель жана суюлтулган газ импортун субсидиялайт. Өкмөт бул кадам күйүүчү май тартыштыгын алдын алып, баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн жасалып жатканын билдирди. Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майга туруктуу баалар бекитилип,

Туристтик объекттердин санитардык абалына мониторинг жүргүзүлдү

Туристтик объекттердин санитардык абалына мониторинг жүргүзүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, даярдык иштеринин Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова оорулардын алдын алуу

Ошто өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ошто өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ноокен райондук транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун айрым кызматкерлерине карата тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда “А” жана “Г”аттуу

Медер Карабаев Дин иштери жана этностор аралык агенттиктин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Медер Карабаев Дин иштери жана этностор аралык агенттиктин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Медер Карабаев президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр жапаров кол койду. Медер Карабаев мурда Дин иштер жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору болуп иштеген. Эске салсак, Мидин уулу Канатбек Дин иштери боюнча мамлекеттик