Эрлист Акунбеков: Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоого 80 млн доллар бөлгөн

Эрлист Акунбеков: Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоого 80 млн доллар бөлгөн

Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” 2018-2028-жылдардагы эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгы боюнча IV жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын расмий ачылышында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачындын азайышы жана суу ресурстарынын төмөндөшү бүгүнкү күндө бир мамлекеттин эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын көйгөйүнө айланганын белгилеп, “Мөңгүлөр болбосо – дарыяларда суу болбойт, суу болбосо – аймакта жашоо болбойт” деп билдирди министр.

Эрлист Акунбеков Кыргызстанда суу ресурстарын туруктуу башкаруу максатында 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы иштелип чыкканын жана жаңы Суу кодекси кабыл алынганын маалымдады. Ал Кыргызстан аймактагы суу ресурстары толугу менен өз аймагында түзүлгөн жалгыз өлкө экенин белгилеп, суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу жана адилеттүү компенсация механизмдерин ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

Министрдин айтымында, Кыргызстан өзүнүн суу ресурстарынын болгону 30 пайызын пайдаланат, калган бөлүгү коңшу өлкөлөр тарабынан колдонулат. Ошол эле учурда өлкө суу инфраструктурасын кармоого жана мөңгүлөрдү сактоого ири чыгымдарды жумшоодо: акыркы бир жылда суу тармагына 80 млн доллар, акыркы беш жылда 259 млн доллар бөлүнгөн.

Ошондой эле Эрлист Акунбеков Ысык-Көлдүн суусу азайып жатканын айтып, акыркы он жылдыкта көлгө куйган дарыялардын саны 100дөн 30га чейин кыскарганын белгиледи. Ал эл аралык өнөктөштөрдү көлдү сактоо жана калыбына келтирүү боюнча биргелешкен программаларды ишке ашырууга чакырып, 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга үндөдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media