Өлкө боюнча аттракциондор текшерилди

Өлкө боюнча аттракциондор текшерилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкектеги Панфилов паркы аймагында аттракциондордун коопсуздугу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында аттракцион ээлерине жана операторлорго коопсуздук талаптары боюнча маалымат берилди.

Жайкы сезон жана 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү жакындаган сайын парктардагы элдин саны көбөйүүдө. Ушуга байланыштуу кызмат инспекторлору аттракциондордун коопсуз иштешине өзгөчө көңүл бурууда. 

Учурда мындай алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өлкө боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда республика боюнча 300 ашуун аттракцион иштеп жатат. Эң көп аттракциондор Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. Панфилов паркында 41 аттракцион, “Евразия” паркында 43, “Sky Entertainment” борборунда 36 аттракцион бар.

Мониторинг учурунда айрым мыйзам бузуулар аныкталууда. Алардын катарында техникалык паспорттордун жоктугу, эксперттик корутундулардын алынбаганы, камсыздандыруу полистеринин жоктугу жана операторлордун атайын окуудан өтпөгөнү бар.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ата-энелерди дагы балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Балдарды аттракциондордо кароосуз калтырбоо, коопсуздук эрежелерин сактоо жана техникалык жактан күмөн жараткан аттракциондорду пайдаланбоо маанилүү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондор иштебеши керектигин белгилейт жана мыйзам бузгандарга 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин айып пул караларын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media