Ошто өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ошто өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ноокен райондук транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун айрым кызматкерлерине карата тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда “А” жана “Г”аттуу жарандар өздөрүн таасирдүү адам катары тааныштырып, Б.У. аттуу жарандын тергөө иштерин оң жагына чечип берүүнү убада кылышып, 20 миң долларалышкан.

Ушул сыяктуу Кызы-Кыя шаарында жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң жагына чечүүнү убада кылып, “А” аттуу жаран Б.У. дан 20 миң  доллар жана 100 миң сом акча каражатын алган.

Кийин кармалган Б.У.нун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүү үчүн анын жакындарынан 18 900 долларын жана 100 миң сом акча каражатын алган.

Натыйжада жабырлануучу тарапка жалпы 2 784 000 сом материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бул боюнча Б.У. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургуну 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Ал өзүн Ош шаардык адвокаттар коомунун адвокатынын жардамчысы катары тааныштырып жүргөнү жана ишканалардын биринде юрист болуп иштегендиги такталган.

Учурда тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу тергөө иш-амалдары жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media