Жалал-Абаддагы тоо-кен ишканалары текшерилди

Жалал-Абаддагы тоо-кен ишканалары текшерилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагындааймактагы бир катар тоо-кен ишканаларына барып, алардын учурдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө экологиялык ченемдерди сактоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана объектилерде эмгекти коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мыйзам талаптарын так аткаруу зарылдыгы баса белгиленди.

Министр лицензиялык келишимдердин жана колдонуудагы ченемдердин шарттарын сактоо менен ишканалардын процесстерин модернизациялоонун жана өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча ишканалардын жетекчилерине иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүштүк тартипти күчөтүүгө жана региондун тоо-кен казып алуу тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган тапшырмалар берилди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media