Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисиндеги көпүрөнү суу каптады

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисиндеги көпүрөнү суу каптады

27-майда Бишкекте жааган жамгырдын кесепетинен Ч.Айтматов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү суу каптады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары баракчаларына жайгаштырышты.

Маалыматка ылайык, суу каптаган көпүрөнү Биринчи Май районунун тиешелүү жумушчулары тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Көпүрө толук кандуу тазаланып, абал көзөмөлгө алынды.

Эске салсак, Бишкек шаарында катуу жааган жамгырдан улам айрым учурда шаардын көчөлөрүн суу каптаган учурлар кайталанып келет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда талапка жооп бербеген бетон конструкциясы буздурулду

Кадамжайда талапка жооп бербеген бетон конструкциясы буздурулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районуна караштуу Кадамжай шаарынын Жийделик участогунда демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган бетон конструкциясы текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Аталган объектте бетон конструкцияларында

Салыктан түшкөн каражатты пилоттук долбоору жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Салыктан түшкөн каражатты пилоттук долбоору жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине сатуудан алынуучу салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоор өткөрөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул салыктык түшүүлөрдү адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-июнунан

Бишкек мэринин жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары аяктады

Бишкек мэринин жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары аяктады

КРнын Президентинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин борбор калаанын райондорунун тургундары менен жолугушуулары жыйынтыкталды. Акыркы жолугушуулар 25-26-майда Октябрь районунун тургундары менен өткөрүлдү. Эки күндүн ичинде мэр 850дөн ашык шаар тургуну менен жолугушту. Ушул сыяктуу жолугушуулар Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунда өткөрүлгөн. Шаар башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына

Өлкөдө үч айда 4 миң тоннадан ашык балык өндүрүлдү

Өлкөдө үч айда 4 миң тоннадан ашык балык өндүрүлдү

2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 4029,1 тоннаны түздү. Учурда республика боюнча 545 балык чарбасы иш алып барууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, балык чарбачылыгы агрардык сектордогу туруктуу өнүгүп жаткан артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Тармакты өнүктүрүү максатында аквакультураны кеңейтүү, заманбап өндүрүш ыкмаларын жайылтуу, ички