Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдүн алкагында, ишкердик субъекттерин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан, ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонуу боюнча 105 факты аныкталган. 

Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди системалуу негизде улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын