Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Республика боюнча 476 миңден ашык жаран жөлөк пул жана компенсация менен камсыз болууда. Бул тууралуу Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Пекинде өтүп жаткан Жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү боюнча Глобалдык форумда билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 1,5 миллионго жакын адам социалдык кызматтарды пайдаланат. Ошондой эле 590 миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз кылуу жана миграция багытындагы кызматтардан пайдаланган.

Форумда Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызга чейин төмөндөгөнү да айтылды.

Мындан тышкары, социалдык кызматтарды санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил