Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштыруунун мөөнөтү узартылат

Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштыруунун мөөнөтү узартылат

Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштыруу мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранган жарандар көп экенин айткан. 

"Президент да эл менен болгон жолугушууда бул процесс дагы узартылышы мүмкүн экенин билдирген. Элге так маалымат беришибиз керек, антпесе көп суроолор турат. 2025-жылы Кыргызстанга алынып келинген унаалар эмне болот, бул дагы маселе. Мен мыйзамдаштырууга скутерлерди да кошууну сурандым, алардын бир тобу өлкөгө мыйзамсыз кирген", - деди ал.

2025-жылы апрелден октябрга чейин Кыргызстанда абхаз, армян жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик номурлары менен жүргөн 30 086 унаа легалдаштырылган. 

Убагында мыйзамдаштырылбаган 4 миңдей автоунаа чет өлкөлүк номур менен жүрөт. Анын ичинде 766 унаа атайын токтотмого коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

“Ак-Буура” чек ара тозотунун жаңы имараты ачылды

“Ак-Буура” чек ара тозотунун жаңы имараты ачылды

28-майда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата 2024 аскер бөлүгүнө караштуу “Ак-Буура” чек ара тозотунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев,

Кыргызстанда берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү керектөө муктаждыктарына жумшалат

Кыргызстанда берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү керектөө муктаждыктарына жумшалат

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан жарандарга 23 млрд сомдон ашык суммада кредит берилди. Ал эми насыя алуучулардын саны 807 миңге жакын адамды түзгөн. Маалыматта белгиленгендей, берилген микрокредиттердин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 % өскөн. Ошондой эле микрокредит алган жарандардын саны эки

Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 2,4 млн сом айып пул салынды

Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 2,4 млн сом айып пул салынды

2026-жылдын алгачкы төрт айында жер жана суу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштердин жыйынтыгында жалпы 2 млн 477 миң сом айып салынды. Анын 1 млн 317 миң 500 сому өндүрүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана сайра иштетүү онөр жары министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматка ылайык, жер багыты боюнча 1 млн

Эрлист Акунбеков: Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өстү

Эрлист Акунбеков: Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өстү

28-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы” темасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумуна жана боордош шаарлардын жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жыйында сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков чейрек