Ош шаарында жана Чүй облусунда төрөлгөн балдардын саны көп катталды

Ош шаарында жана Чүй облусунда төрөлгөн балдардын саны көп катталды

26-майда Саламаттык сактоо министрлигинин жыйындар залында Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин төрагалыгы алдында энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи кварталына карата энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү боюнча ыкчам маалыматтар, ошондой эле энелерге жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

Отчеттук мезгилде республика боюнча 32 017 төрөт катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 716га көп болду. Төрөттөрдүн санынын эң чоң өсүшү Ош шаарында жана Чүй облусунда байкалган.

Мындан тышкары окуңуз

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.