18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жардамчыларына коомдук транспорт акысыз болот

18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жардамчыларына коомдук транспорт акысыз болот

Бишкек шаарында майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңеши тарабынан майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле алардын шаар ичинде жүрүүсүнө жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Бишкек шаарында туруктуу жашаган жана борбор калаада туруктуу каттоосу бар 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугуна ээ болушту.

Жеңилдетилген транспорттук картаны алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылуу зарыл:

- Ленин/Биринчи Май райондору – Токтогул көчөсү, 245;

- Свердлов району — Чүй проспектиси, 28;

- Октябрь району — Байтик Баатыр көчөсү, 17.

Жеке ассистенттер күн сайын балдарды билим берүү, медициналык, спорттук жана чыгармачылык мекемелерге коштоп барышат. Акысыз жол жүрүү мүмкүнчүлүгүнүн берилиши үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтып, шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Кабыл алынган чечим майыптыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого, социалдык, билим берүү жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

 



 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media