Араван районунда акысыз мобилдик клиника иштеп жатат

Араван районунда акысыз мобилдик клиника иштеп жатат

“Normeca Health Management” мобилдик мультидиагностикалык клиникасы Араван районунда акысыз медициналык кызмат көрсөтүп жатат. 2026-жылдын 9-мартынан бери 7625 бейтап кабыл алынып, 22 221 консультация жана 22 офтальмологиялык операция жасалды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бардык кызматтар калк үчүн толук акысыз. Клиника алыскы айыл-аймактар үчүн арналган жана 5 жылга эсептелген. Курамында 8 трейлер, 1 тез жардам, 2 микроавтобус, 2 пикап жана 1 спринтер бар.

Көрсөтүлүүчү кызматтар:

Консультация: үй-бүлөлүк врач, кардиолог, стоматолог, ЛОР, офтальмолог, невролог, гинеколог, эндокринолог, хирург, гастроэнтеролог, уролог

Диагностика: лаборатория, КТ, рентген, УЗИ, гастроскопия, колоноскопия, цистоскопия, маммография 

Операциялар: катаракта, грыжа, варикоз, фибромэктомия, урологиялык жана башка чакан хирургиялык операциялар

Дары-дармек: 10 күнгө чейинки дарылар акысыз берилет.

Клиниканын иши 2021-жылдын 17-ноябрында Чүй облусунун Кемин районунда башталган. Андан бери жалпы 167 793 бейтап кабыл алынып, 569 652 консультация жана 328 062 изилдөө жүргүзүлдү.

“Normeca Health Management” клиникасы Араван районунда 2026-жылдын 6-июнуна чейин иштейт. Андан кийин Нарын облусуна баруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media