Чолпон-Атада “Бирге Ысык-Көлдү сактайлы” аттуу экологиялык акция өткөрүлдү

Чолпон-Атада “Бирге Ысык-Көлдү сактайлы” аттуу экологиялык акция өткөрүлдү

Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен министр Акыл Токтобаевдин жетекчилигинде “Бирге Ысык-Көлдү сактайлы” аттуу масштабдуу экологиялык акция өткөрүлдү. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, иш-чара көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Экологиялык акцияга райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле пансионаттардын, санаторийлердин жана эс алуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жээк тилкелеринин санитардык абалына өзгөчө көңүл бурулуп, тиричилик калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Бостери айылындагы пансионаттардын тазалоочу курулмаларынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлүп, экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери өткөрүлдү.

Акциянын негизги максаты ­– жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатуу, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media