Чоң-Алайда 9000 баш ири мүйүздүү мал эмделди

Чоң-Алайда 9000 баш ири мүйүздүү мал эмделди

Чоң-Алай районунун аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жазгы эмдөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн районго жалпы 10 000 доза вакцина келип түшүп, тиешелүү айыл аймактарына бөлүштүрүлдү. Ветеринардык адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мал ээлери менен биргеликте графиктин негизинде эмдөө иштери аткарылды.

Анын ичинен:

Чоң-Алай айыл аймагы боюнча – 3700 баш ири мүйүздүү мал эмделди;

Кашка-Суу айыл аймагы боюнча – 2800 баш ири мүйүздүү мал эмделди;

Жекенди айыл аймагы боюнча – 2500 баш ири мүйүздүү мал эмделди.

Жыйынтыгында район боюнча жалпысынан 9000 баш ири мүйүздүү мал эмдөөдөн өткөрүлдү. Калган вакциналар резерв катары сактоого алынып, кошумча эмдөө жана жаңы катталган малдарды камтуу үчүн пайдаланылат.

Учурда район аймагында эпизоотиялык абал туруктуу көзөмөлдө болуп, ветеринардык кызмат тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media