Коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга 200 000 сом айып пул салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин алкагында Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүндөсалынып жаткан көп кабаттуу турак жайдын монолиттик бетон иштерин жүргүзүүдө техникалык коопсуздук эрежелери талаптагыдай сакталбагандыгы аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар курулуш аянтчасындагы жумушчулардын коопсуздугуна жана объекттеги иштердин коопсуз жүргүзүлүшүнө түздөн-түз коркунуч жаратат.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аманат Сити” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат жана белгиленген эрежелерди бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертет.