Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн эрежелери өзгөрдү
Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү жана жер тилкелерин ижарага берүү тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жаңы эрежелерге ылайык, технопарктардын резиденттери мамлекеттик мүлктү аукционсуз ижарага ала алышат.
Ошондой эле инновациялык долбоорлор үчүн жеңилдетилген ижара акысы каралып, мамлекеттик жер тилкелерин электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды орнотууга берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мындан тышкары, ижара келишимдерин узартууда төлөмдөр көбөйөт: аукционсуз берилген объекттер үчүн ижара акысы 30 %га, ал эми соода борборлорундагы жайлар үчүн 50 %га жогорулайт.
Ошол эле учурда ижарачылардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, айрым учурларда мамлекеттик мүлктү камсыздандыруу милдети дагы киргизилди.
Жаңы тартип 15 күндөн кийин күчүнө кирет.