Ош, Баткен облустарында заманбап логистикалык муздаткыч борборлор курулууда

Ош, Баткен облустарында заманбап логистикалык муздаткыч борборлор курулууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Good Neighbors International эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, өлкөнүн түштүгүндөгү соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана мындан аркы кызматташуу келечеги талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун (2021–2025-жылдар) ишке ашырылышынын жыйынтыктары, ошондой эле долбоордун экинчи фазасынын башталышы тууралуу маалымат беришти. Учурда Ош жана Баткен облустарында Чоң-Алай жана Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүндө заманбап логистикалык жана муздаткыч борборлор курулууда. Курулуш иштери аяктагандан кийин объекттер мамлекеттин балансына акысыз өткөрүлүп берилери жана фермердик кооперативдерди колдоодо, кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүдө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү инструмент болору белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рустам Балтабаев объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү маанилүү экенин белгилеп, соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги шарттарынын бири экенин айтты. Тараптар ошондой эле айыл аймактарын өнүктүрүү, фермерлерди колдоо, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатуу жана аймактардын экономикалык потенциалын бекемдөө багытындагы мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media