Ош, Жалал-Абад облусундагы көйгөйлүү ишканалардын маселеси каралды

Ош, Жалал-Абад облусундагы көйгөйлүү ишканалардын маселеси каралды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Министрлер Кабинетинин “100 өнөр жай ишканасы –2026”  программасын ишке ашыруунун алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы көйгөйлүү өнөр жай объектилерин жеринен көрүп баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алгачкы объектиси болуп “Барбол” ЖЧК кондитердик фабрикасы болду. Ишканага баруудан мурун Ош шаардык мэриясында биринчи вице-мэрдин, тармактык кызматтардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өтүп, анда долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып жаткан маселелер, анын ичинде жер тилкесин бөлүп берүү жана трансформациялоо, инфраструктура менен камсыздоо жана каржылоону тартуу маселелери каралды.

Кеңешмеден кийин делегация фабриканын өндүрүштүк кубаттуулуктары менен таанышып, ошондой эле ишкананы кеңейтүү үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү пландалып жаткан аймакка барды.

“Барбол” кондитердик фабрикасы кайра иштетүү өнөр жайы тармагындагы ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордук кубаттуулугу жылына 5 миң тонна кондитердик продукцияны түзөт. Ал эми толук кубаттуулукка чыкканда 700гө чейин жаңы жумуш орду түзүлүшү пландалууда. Иш сапардын жыйынтыгында Рустам Балтабаев жер тилкесин бөлүп берүү жана трансформациялоо, ошондой эле долбоорду каржылоо менен байланышкан маселелерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечүүнү тездетүү зарылдыгын белгилеп, ишкананы өз убагында ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media