Тогуз-Тородо 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Тогуз-Тородо 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

29-майда саат 14:15те жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү 4,6 магнитудага жеткен.

Силкинүүнүн очогу  Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан болжол менен 27 чакырым аралыкта жайгашкан.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында иш алып барган эки төлөм уюмуна айып пул салынды. Маалыматка ылайык, көзөмөл жана жөнгө салуу иштеринин алкагында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн бул төлөм уюмдарына жалпы суммасы 220 миң сом өлчөмүндө

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

Министрлер Кабинети “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун аталышын өзгөртүп, аны “Кыргыз асман” деп атоо чечимин кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, компания 2026-жылдын февраль айында түзүлүп, Кыргызстандагы космостук технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик оператор катары иш алып баруусу пландалган.  Анын негизги милдеттерине спутниктик сүрөттөрдү иштетүү, айыл чарба

Бостериде көлдөн 760 кг таштанды чыгарылды

Бостериде көлдөн 760 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кезектеги рейд Бостери айылында жүргүзүлүп, көлдүн түбүнөн болжол менен 760 килограммга жакын тиричилик таштандылары чыгарылып, жээкке жеткирилди. Ошондой эле чөгүп кеткен бир катамаран табылып, ал жээкке сүрүлүп чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар минисстрлиги жарандарды

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын  “Жер маселелери” бөлүмүнүн адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районундагы Достук, Сыдыков жана Чокморов айыл аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей,