Ысык-Көлдө полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ысык-Көлдө полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ысык-Көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыянды азайтуу максатында кезектеги профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин калдыктарды башкаруу башкармалыгы жана министрликке караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулуп, Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылындагы ири соода түйүндөрүн камтыды.

Анын жүрүшүндө дүкөн ээлери жана ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, полиэтилен баштыктарын колдонууга байланыштуу мыйзам талаптары кеңири айтылды. Ошондой эле талаптарды бузган учурда көрүлө турган чаралар боюнча маалымат берилди.

Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көл аймагында полиэтилен баштыктарын пайдаланууга мыйзам түрүндө тыюу салынганын эскертип, ишкерлерди экологиялык жактан коопсуз баштыктарды колдонууну жана тез чириген биологиялык альтернативага өтүүгө чакырышты.Тактап айтканда, сертификаты бар жана биологиялык жактан тез чирий турган баштыктарды гана колдонуу зарылдыгы белгиленди. Мындай продукциялар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген шайкештик сертификатына  ээ болушу керектиги кошумча түшүндүрүлдү.

Экотехкөзөмөл кызматы полиэтилен калдыктары жаратылышка чоң зыян алып келип, көлдүн экосистемасына коркунуч жарата турганын белгилейт. Ошондуктан мындай алдын алуу жана түшүндүрүү иштери мындан ары дагы улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media