Мектептерде 6 күндүк окууну кайра киргизүү сунушталды

Мектептерде 6 күндүк окууну кайра киргизүү сунушталды

Агартуу министрлиги мектептерде аптасына алты күндүк окууну кайра киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү 80% аткарылып, толук ишке ашыруу үчүн кошумча убакыт керек. Ошондой эле, май айындагы узак эс алуулар окуу процессине таасир этет. 

Долбоордо окуу режими “беш же алты күндүк” деп өзгөртүү сунушталууда. Токтом расмий түрдө тактала элек. Маалыматта айына бир жолу алты күн окуу, калган учурда беш күндүк тартип сакталышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Мындан тышкары, алдыдагы Шанхай кызматташтык уюму саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири иш-чаралар да окуу жылына таасир этери айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Президент тарабынан Фарид Ниязовго ырайым берилди

Президент тарабынан Фарид Ниязовго ырайым берилди

Президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго ырайым кылды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди. Фарид Ниязов Кой-Таш окуясынан кийин 2019-жылдын 8-августунда камакка алынган. 2020-жылкы октябрь окуясында көпчүлүк саясатчылардай болуп абактан бошотулган. Бирок, ошол эле жылдын 9-октябрында кайра камакка алынган. 2025-жылдын 3-июнунда Биринчи Май райондук соту Ниязовду 7 жыл

Бишкекте коомдук траспорт үчүн атайын тилкелер чийилет

Бишкекте коомдук траспорт үчүн атайын тилкелер чийилет

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди чийүү улантылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. Рамиз Алиевдин айтымында, Бишкек шаардык мэриясынын жол мсаелелери боюнча штабында Бишкек мэриясынынын концепциясынын негизинде коомдук транспортко артыкчылык берүү чечими кабыл алынган. "Мындай чечим айдоочулар үчүн бир аз ыңгайсыздыктарды жаратат, бирок биз түшүнүшүбүз керек,

Бишкекте 1-июнда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 1-июнда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоого байланыштуу, 1-июнда саат 16:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки

Кырчын жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында рейд өткөрүлдү

Кырчын жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында рейд өткөрүлдү

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жаратылышты, жайыттарды жана биоресурстарды коргоо багытында рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө жайыт жерлерин ээнбаштык менен тепселеп, жер кыртышын бузган жарандар аныкталып, жайыт аймагынан чыгарылып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, кызыл китепке кирген бүркүттү мыйзамсыз