Бишкекте курулуп жаткан мектептер текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан мектептер текшерилди

31-майда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуп жаткан 4 билим берүү объектисин кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Министр курулуп жаткан 4 билим берүү объектисин кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди. 

Курулуп жаткан мектептер:

Достук айылында алгачкы жолу курулуп жаткан 750 орундуу мектеп;

Дордой конушундагы №94 мектепке курулуп жаткан 750 орундуу кошумча окуу корпусу;

Калыс-Ордо конушундагы №86 орто мектепке курулуп жаткан 650 орундуу кошумча корпус;

Биринчи Май районунун Садыгалиев көчөсүндө курулуп жаткан 1200 орундуу мектеп.

Нурдан Орунтаев объекттердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген курулуш графигинен артта калып жаткан подряддык уюмдарга эскертүү берди. Ошондой эле курулуш иштеринин темпин күчөтүү, жумушчулардын санын көбөйтүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча бир катар тапшырмаларды койду. 

Мындан тышкары, подряддык уюмдарга мектептердин курулуш иштерин 2026 - 2027- окуу жылына карата өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоону, бардык иштерди заманбап курулуш талаптарына жана толук коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүнү талап кылды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө аталган объектилерде курулуш иштери активдүү жүрүүдө.

Анын ичинде:

Октябрь районунда – 6 объект;

Ленин районунда – 6 объект;

Биринчи Май районунда – 5 объект;

Свердлов районунда – 3 объект.

Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media