Кадамжайда малды эмдөө күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө
Жер-жерлердеги ветеринардык врачтар эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана мал-жандыктардын саламаттыгын сактоо боюнча иш алып барышууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай боюнча 38 жеке ветеринардык врачтар райондук ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют башкармалыгы менен келишим түзүп иш алып барууда.
Жайлоого көчүү мезгилине байланыштуу малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүү жана вакциналар менен камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө турат.
Учурда район аймагында эпизоотиялык абал туруктуу көзөмөлдө болуп, ветеринардык кызмат тарабынан мал арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз улантылууда.