Өлкө боюнча мал жандыктарына эмдөө жүрүүдө

Өлкө боюнча мал жандыктарына эмдөө жүрүүдө

Өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо максатында пландуу түрдө жазгы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө иштери төмөнкрүүдө:

Чоң-Алай району 9000 ири мүйүздүү мал;

Панфилов районунда 3500 ири мүйүздүү мал;

Ноокен районунда 7283 ири мүйүздүү мал;

Ысык-Ата районунда 11 500 ири мүйүздүү мал;

Аламүдүн районунда 7500 ири мүйүздүү мал;

Ала-Бука районунда 10826 ири мүйүздүү мал;

Араван районунда 32850 ири мүйүздүү мал;

Ноокат районунда 5581 ири мүйүздүү мал;

Айтматов районунда 923 ири мүйүздүү мал;

Чүй районунда 6704 ири мүйүздүү мал;

Аксы районунда 4200 ири мүйүздүү мал;

Ат-Башы районунда 5225 ири мүйүздүү мал;

Лейлек районунда 2700 ири мүйүздүү мал (учурда эмдөө уланууда);

Кадамжай районунда 5200 ири мүйүздүү мал эмдөөдөн өттү.

Учурда өлкө аймагында эпизоотиялык абал туруктуу көзөмөлдө болуп, ветеринардык кызмат тарабынан пландуу эмдөө иштери улантылууда. Жугуштуу оорулардын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.