Суу ресурстары кызматына 14 мобилдик устакана тапшырылды

Суу ресурстары кызматына 14 мобилдик устакана тапшырылды

1-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Суу ресурстары кызматына ирригациялык инфраструктураны тейлөө үчүн 14 мобилдик устакананы тапшырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, техника Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында берилди. Мобилдик устаканалар гидротехникалык объектилерде оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө жана ирригациялык системаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Министр белгилегендей, суу чарба уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо агрардык тармакты суу ресурстары менен ишенимдүү камсыздоого жана өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Тунис соода-экономикалык багытта кызматташат

Кыргызстан менен Тунис соода-экономикалык багытта кызматташат

Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана V Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, президенттердин жыйынында 18 маселе каралып, ЕАЭБ алкагында жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Мындан тышкары,

Соң-Көлдөн миң метр мыйзамсыз тор табылды

Соң-Көлдөн миң метр мыйзамсыз тор табылды

Соң-Көл жана Ысык-Көлдө балык уулоого киргизилген мораторийге байланыштуу  Соң-Көл аймагында рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-майда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүнүн жээгиндеги Ак-Талаа районунун Таш-Дөбө тилкесинен 3 даана капка салынган, жалпы узундугу 1000 метрди

"Ак-Жол" постунан 6 тонна күрүч артка кайтарылды

"Ак-Жол" постунан 6 тонна күрүч артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан "Ак-Жол" фитосанитардык текшерүү постунда 6 тонна күрүч артка кайтарылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнунда Казакстан Республикасынан Кыргызстанга ташылып келген 6000 килограмм күрүчкө карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө

“Банкроттук жөнүндө” мыйзам долбооруна сунуштар кабыл алынат

“Банкроттук жөнүндө” мыйзам долбооруна сунуштар кабыл алынат

Министрлик тарабынан банкроттук чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды реформалоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, реформанын актуалдуулугу карызкор менен кредитордун ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салууда заманбап ыкмаларды киргизүү, администраторлордун ишмердүүлүгүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана аларды лицензиялоо тутумун реформалоо аркылуу банкроттук жол-жоболорун өркүндөтүү зарылдыгы