1-июлдан тарта Россияга кирүү тартиби өзгөрөт

1-июлдан тарта Россияга кирүү тартиби өзгөрөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга карата жаңы эрежелер күчүнө кирерин маалымдайт. Бул тууралуу атлган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясында КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары үчүн, анын ичинде Кыргызстандын  жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

1. App Store же Google Play аркылуу «RuID» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;

2. Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;

3. Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;

4. Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;

5. Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.

Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин кеминде 4 саат мурда тапшырууга жол берилет.
Муну менен катар Россия Федерациясына кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясынан өтүү талабы күчүндө калат. Ал жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.

Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулары үчүн Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү узартылганы белгиленет. Эгерде алар Россия Федерациясына кирүүнүн жана өлкө аймагында жүрүүнүн (же жашоонун) максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.

Министрлик Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгү же билим алуу максатында барууну пландаштырган жарандарга жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, “RuID” тиркемеси аркылуу каттоодон өтүүнү сунуштайт. Бул чек арадан өтүүдө мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media