Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланын жансыз денеси табылды

Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланын жансыз денеси табылды

Ош шаарында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 31-майда бир нече бала дарыяга түшүп жаткан учурда суунун деңгээли көтөрүлүп кеткен. Натыйжада балдар агын сууга кабылган. Төрт бала куткарылып, бирөө дайынсыз болуп жаткан.

ӨКМдин маалыматына караганда, издөө иштерине Ош шаардык башкармалыгынан 82 куткаруучу, дрон жана жалпы 128 адам тартылган. 
Кийинчерээк 2017-жылы туулган А.Н. аттуу баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагындагы Ак-Буура дарыясынан табылган.

Учурда маркумдун сөөгүн алып келүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан