Курулуш компаниялары эми чектеш аймактарды да көрктөндүрүүгө милдеттүү

Курулуш компаниялары эми чектеш аймактарды да көрктөндүрүүгө милдеттүү

1-июндан тарта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуш объекттерин ишке ашырууда жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу боюнча жаңы талаптар күчүнө кирди.

Министр Нурдан Орунтаев кол койгон буйрукка ылайык, көп кабаттуу турак жайларды, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди курууда курулуш компаниялары көрктөндүрүү иштерин милдеттүү түрдө жүргүзүүгө тийиш.

Алардын катарына кирүүчү жолдорду жана ички өтмөктөрдү куруу, тротуарларды уюштуруу, унаа токтотуучу жайларды түзүү, тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу, жаан-чачын сууларын агызуу тармактарын куруу жана жашылдандыруу иштери кирет.

Мындан тышкары, курулуш иштеринен улам бузулган жолдорду калыбына келтирүү жана жөө жүргүнчүлөргө, жакын жайгашкан турак жайларга жаралган ыңгайсыздыктарды жоюу талап кылынат.

Жаңы тартипке ылайык, көрктөндүрүү иштери курулуш жүргүзүлүп жаткан жер тилкесинин чегинде гана эмес, зарыл болгон учурда ага чектеш аймактарда да аткарылат.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чечим шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртууга, калктуу конуштардын архитектуралык көрүнүшүн өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга