Орток токой чарбасында 100 гектар жерге көчөт отургузулат
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орток токой чарбасында токой аянттарын кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 2027-жылы токой чарбанын Ой-Тал аймагындагы 100 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Учурда белгиленген аймакта көчөт отургузууга даярдык көрүлүп, жерди алдын ала иштетүү жана чуңкурчаларды казуу иштери жүрүп жатат. Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, бул иштер 10 күндүн ичинде толук аяктайт.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча токойлордун жалпы аянты 1 миллион 273 миң гектарды түзүп, Кыргызстандын аймагынын 6,4 %ын ээлейт.
Токой аянттарын кеңейтүү жана экосистемаларды калыбына келтирүү иштери экологиялык абалды жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу