Өлкөдө агро камсыздандыруу программасы ишке кирди. Анын жол-жобосу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААК тарабынан дыйкан-фермерлер үчүн күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча агро камсыздандыруу программасын иштеп чыкты.
Ишкер медиа сайтынын аталган программа боюнча суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюумунун басма сөз кызматынан жооп беришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул демилге дыйкандарды колдоого жана алардын айыл чарба ишмердүүлүгүн ар кандай тобокелдиктерден коргоого багытталган.
Жаңы продукт табигый кырсыктардан улам түшүмдүн азайышынан же толук жок болушунан келип чыгуучу финансылык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Камсыздандыруу эмнени камтыйт?
Жаңы продукт күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ар кандай жаратылыш тобокелдиктеринен коргоону карайт.
Алардын катарына күздүк буудай үчүн катуу сууктан үшүп кетүү, калың кар, муз катмары жана өсүмдүктөрдүн чириши кирет. Ал эми жаздык буудай кургакчылык, мөндүр, катуу шамал, нөшөрлүү жаан-чачын, сел, суу ташкыны, жазгы кеч үшүк жана башка келишимде көрсөтүлгөн тобокелдиктерден камсыздандырылат.
Кайсы аймактарда ишке ашырылат?
Пилоттук долбоор алгач Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылат.
Ага дыйкан-фермердик чарбалар жана айыл чарба ишканалары катыша алышат. Камсыздандырууга алынуучу айдоо аянтынын жалпы көлөмү кеминде 2 гектар болушу керек.
Фермерлер өздөрү тандаган шартка жараша базалык түшүмдүүлүктүн 70, 80 же 90 пайызын камсыздандыра алышат. Камсыздандыруу тарифтери аймакка, буудайдын түрүнө жана тандалган коргоо деңгээлине жараша аныкталат.
Камсыздандыруу төлөмү кандай жүргүзүлөт?
Камсыздандыруу окуясы катталганда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистери талаага чыгып, эгиндин абалын жана иш жүзүндөгү түшүмдүүлүктү аныкташат.
Эгерде алынган түшүм келишимде белгиленген камсыздандырылган түшүмдүүлүктөн аз болсо, айырмасына жараша төлөм эсептелет.
Ошондой эле күздүк буудай кыш мезгилинде толугу менен же жарым-жартылай жок болгон учурда, келишимдин шарттарына ылайык, жабыркаган аймактын камсыздандыруу суммасынын 30 пайызы өлчөмүндө төлөм жүргүзүү механизми каралган.
Дыйкан-фермерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк
Агро камсыздандыруу - айыл чарба өндүрүшүндөгү күтүлбөгөн жаратылыш кырсыктарынан келип чыккан финансылык чыгымдарды азайтуунун маанилүү куралы. Ал дыйкан-фермерлердин бир жылдык эмгегин жана салган каражатын коргоого, ошондой эле кийинки айыл чарба сезонун ишенимдүү пландаштырууга шарт түзөт.