Курулуш компаниялары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирди

Курулуш компаниялары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирди

1-июндан тарта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан “Курулуш объекттерин ишке ашырууда жанында жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйрук кабыл алынды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул чечим шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган.

Министр Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, көп кабаттуу турак жайлар, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана куруу учурунда курулуш компаниялары курулуш обьектилерине жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чаралар комплексин милдеттүү түрдө карашы керек.

Көрктөндүрүү иштерине төмөнкүлөр кирет:

кирүүчү жолдорду жана ички өтмөктөрдү куруу;

тротуарларды жана жөө адамдар үчүн атайын чакан өтмөктөрдү уюштуруу;

унаа токтотуучу жайларды түзүү;

тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу;

жаан-чачын жана жер үстүндөгү сууларды агызуу системаларын куруу;

жашылдандыруу иштерин жүргүзүү;

объекттин толук иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык элементтерди камсыз кылуу;

оор жүк ташуучу унаалар жана атайын техникалар тарабынан талкаланууга алып келинген жолдорду кайрадан оңдоо;

жоо баскан адамдарга жана объектилердин жанында жайгашкан башка турак-жайларга ыңгайсыздыктарды жокко чыгаруу.

Көрктөндүрүү иштери мындан ары курулушка бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде гана эмес, зарыл болгон учурларда ага чектеш аймактарда да жүргүзүлүшү керек. Бул шаардык инфраструктураны бирдиктүү, коопсуз жана ыңгайлуу системага айландырууга багытталган.

Мындан ары Шаар куруу жана архитектура департаменти долбоорлорду кароодо аталган талаптардын толук камтылышын милдеттүү түрдө текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш процессинде көрктөндүрүү иштеринин сапатына жана өз убагында аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media