Кыргызстанда заманбап фармацевтикалык логистикалык комплекс курулат

Кыргызстанда заманбап фармацевтикалык логистикалык комплекс курулат

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы эл аралык GDP стандарттарына жооп берген өздүк фармацевтикалык логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашырууга даярдык көрө баштады.

Ишкананын маалыматына ылайык, долбоор Президентин Администрациясынын колдоосу жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин көмөгү менен ишке ашырылууда. Анын алкагында ишканага заманбап кампа комплексин куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Учурда адистер тарабынан техникалык тапшырма иштелип чыгып, алдын ала эскиздик долбоор даярдалды. Ошондой эле жер тилкесинин чек араларын аныктоочу алгачкы белгилер орнотулду. Долбоорлоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин кийинки баскычтарына мыйзамда каралган жер трансформациялоо жол-жоболору аяктагандан кийин өтүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, жаңы логистикалык комплекстин ишке кириши дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды талапка ылайык сактоого, температуралык режимдердин так сакталышын камсыз кылууга жана дары-дармек корун башкаруунун заманбап системаларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, комплекс өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоого өбөлгө болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга