Таласта документтери туура келбеген 2000 даана гүл артка кайтарылды

Таласта документтери туура келбеген 2000 даана гүл артка кайтарылды

“Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунда документтериндеги дал келбестиктерден улам Казакстандан ташылып келген 2000 даана гүлдүн партиясы Кыргызстан аймагына киргизилбей, артка кайтарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Талас башкармалыгы тарабынан 1-июнда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан “Чоң-Капка” фитосанитардык көзөмөлдөө-текшерүү постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынан ташылып келген гүлдөрдүн партиясынын фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктунун талаптарына ылайык, жүктү өлкө аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок.

Натыйжада 2000 даана гүлдөн турган партия экспорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды.

Адистер белгилегендей, фитосанитардык талаптарды так сактоо өлкө аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин кирип кетүүсүнүн алдын алууга жана өсүмдүктөрдүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга