Түп районунда логистикалык борбор курулат
Түп районунун Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. 1-июнда үч тараптуу келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз Азербайжан фондунун колдоосу менен ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого жетет.
Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилет.